Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жалал-Абад облустук сот корпусу жаңыртылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын бошотуу жана дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Жалал-Абад облустук сот корпусу жаңыртылды. Жаңы курамда конкурстук тандоодон облсоттун иштеп жаткан үч гана судьясы өттү. Мурда сот тутумунда иштебеген 3өөнү кошуп алганда, 8 жаңы судья келди.   

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге 2013-жылдын 26-февралында Жалал-Абад облустук сотунун судьялык кызматына дайындоо үчүн 11 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

Колдо болгон материалдарды изилдөөнүн негизинде жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен мамлекет башчысы бардык 11 талапкер боюнча аталган кеңештин сунуштары менен макул болду. 

Конкурстук тандоонун жыйынтыктарын эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти 4 жарлыкка кол койду.

Биринчи жарлык менен конкурс боюнча тандалып алынган 11 талапкер 2013-жылдын 7-мартынан тартып, Конституцияга ылайык биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялыгына дайындалышты:  

- Абдраимов Азамат Жармаматович;

- Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич;

- Алаев Мухамед Абдивалиевич;

- Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич;

- Джапакбаев Кадырали Джоробекович;

- Жакыпбаев Шералы;

- Исамидинов Данияр Илиязович;

- Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович;

- Кожобекова Гульмира Турдумаматовна;

- Таштемиров Акрамжан Набиевич;

- Токтогулова Гульзада Токторбаевна.

Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар Жалал-Абад облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

- Абдраимов Азамат Жармаматович;

- Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич;

- Алаев Мухамед Абдивалиевич;

- Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич;

- Джапакбаев Кадырали Джоробекович;

- Жакыпбаев Шералы;

- Исамидинов Данияр Илиязович;

- Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович;

- Кожобекова Гульмира Турдумаматовна;

- Таштемиров Акрамжан Набиевич;

- Токтогулова Гульзада Токторбаевна.

Үчүнчү жарлык менен 2013-жылдын 7-мартынан тартып, Жалал-Абад облустук сотунун иштеп жаткан судьялары толук курамында (9 киши) кызматтарынан бошотулду:

- Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич;

- Иманкулов Эркин Тургунович;

- Каипова Нуриля Кочкоровна;

- Кожобекова Гульмира Турдумаматовна;

- Маматов Атамбек Омарович;

- Молдобаев Амангелди Мурзатович;

- СаматовАкылбек Абдимажитович;

- Чаканова Эдилбек Сайпидинович;

- Шукуралиев Рыспек Шералиевич.

Төртүнчү жарлык менен Жалал-Абад облустук сотуна дайындалган жана жиберилген башка жергиликтүү соттордо иштеп жаткан 4 судья 2013-жылдын 7-мартынан тартып, тийешелүү жергиликтүү соттордун судьялык кызматынан бошотулду:

- Алаев Мухамед Абдивалиевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Райондор аралык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

 - Джапакбаев Кадырали Джоробекович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;

- Токтогулова Гульзада Токторбаевна - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн. 

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

2013-жыл 13-март