Бүгүн, 2013-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республиксынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Жергиликтүү соттордун айрым судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыккка ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кенешинин сунушу боюнча 2013-жылдын 1-мартынан баштап өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүлөр бошотулду:
- Абдилатов Аким - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Баткен облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Султаналиев Муслим Ишекеевич - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн;
- Шерматов Мырзамат Ташиевич - Кыргыз Республиксынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.