Бүгүн, 2013-жылдын 1-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолдор жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Бул Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2012-жылдын 27-декабрында кабыл алган.
Мыйзамга ылайык 2013-жылга республикалык бюджет кирешелери боюнча 89,3 млрд. сом жана чыгымдары боюнча 106,2 млрд. сом суммасында бекитилген. 2013-жылга республикалык бюджеттин таңсыктыгынын жеткен чеги 16,9 млрд. сом өлчөмүндө бекитилди.
Бул Мыйзам 2013-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү