Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 21-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам төмөндөгү жоболорду мыйзам түрүндө бекитет:
- тарыхый-маданий мурастардын обьектилерин  тарыхый-маданий мурастардын эстеликтеринин Тизмесине киргизүү жана аларды паспорттоштуруу тартиби;
- тарыхый-маданий мурастардын обьектилерине  мамлекеттик органдар жана субьекттердин ортосунда менчик укугу боюнча укуктук мамилелер;
- тарыхый-маданий мурастардын обьектилерин  мамлекеттик тарыхый-маданий экспертизадан өткөрүү тартиби;
- археологиялык обьектилерди чалгындоо жана казуу иштерин жүргүзүү, тарыхый-маданий мурастардын обьектилерин реставрациялоо, консервациялоо, регенерациялоо, ремонттто жана кайрадан калыбына келтирүү боюнча жумуштарды жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактардын отчеттуулугунун тартиби.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 3-август