Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 7-июнунда  кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын “Кумар оюндарынын ишмердигине тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынган Мыйзам тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөргөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган өзүнчө 259-1-берене менен толукталды.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине Кылмыш-жаза кодексинин 259-1-беренесинде “оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү” үчүн каралган кылмыштар боюнча тергөө  иштерин белгилеген толуктоо киргизилди.

Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөргөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилгендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине дагы тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 24-июль