Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттун ээлери үчүн визасыз тартипти белгилөө жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттун ээлери үчүн визасыз тартипти белгилөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 24-июль