Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам чет элдик жарандарга виза берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, туристтик рыноктун кызыктуулугун арттыруу, туризмди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында кабыл алынды.

Визасыз режимди бир тараптуу тартипте мыйзам кабыл алуу  жолу менен киргизүү мүмкүнчүлүгү Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамына 2005-жылы киргизилген. Ошол эле учурда  жөнөкөйлөштүрүлгөн жана визасыз режим аракеттенген өлкөлөрдүн жарандары үчүн каттоону жоюп салуу тууралуу жобо киргизилип, жөнөкөйлөштүрүлгөн жана визасыз режим тууралуу тушүнүк дагы мына ошондо киргизилген (Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамына  толуктоолорду жана  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам 2005-жылдын 6-августу №125). Буга чейин  бир тараптуу визасыз режим  Өкмөт тарабынан 2001-жылы Япония жарандары үчүн, ошондой эле  ВТО жана Шенген макулдашуусунун мүчө-өлкөлөрү болгон 13 мамлекеттин дипломатиялык паспорт ээлери үчүн этап-этап менен киргизилген.


Мыйзамга тиркелген тиркемеге ылайык, 44 мамлекеттин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу тартипте визасыз режим киргизилди.
Кабыл алынган Мыйзам 2020-жылдын 31-декабрына чейин күчүн сактайт. Мындай чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жарандарына карата бир тараптуу визасыз режим киргизилген мамлекеттерге алардын жарандарына карата бир тараптуу визасыз режим 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө киргизилгендиги тууралуу маалыматты жеткирүү милдети тапшырылды. Эгерде  мыйзам тарабынан коюлган максатка жетишсе, визасыз режимдин мөөнөтү чексиз мөөнөткө узартылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү



 Жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу
визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмеги


1. Австралия союзу                       22. Люксембург Улуу Герцогдугу
2. Австрия Республикасы    23. Мальта Республикасы
3. Бельгия Королдугу    24. Монако Княздыгы
4. Босния жана Герцеговина    25. Жаңы Зеландия
5. Ватикан    26. Норвегия Королдугу
6. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен Королдугу    27. Бириккен Араб Эмираттары
28. Польша Республикасы
7. Венгрия    29. Португалия Республикасы
8. Германия Федеративдик Республикасы    30. Сауд Аравия Королдугу
31. Сингапур Республикасы
9. Нидерланддар Королдугу    32. Словакия Республикасы
10. Греция Республикасы    33. Словения Республикасы
11. Дания Королдугу    34. Америка Кошмо Штаттары
12. Исландия    35. Финляндия Республикасы
13. Ирландия Королдугу    36. Франция Республикасы
14. Испания Королдугу    37. Хорватия Республикасы
15. Италия Республикасы    38. Чехия Республикасы
16. Канада    39. Швейцария Конфедерациясы
17. Корея Республикасы    40. Швеция Королдугу
18. Кувейт Мамлекети    41. Эстония Республикасы
19. Латвия Республикасы    42. Катар Мамлекети
20. Литва Республикасы    43. Бруней-Даруссалам Мамлекети
21. Лихтенштейн Княздыгы    44. Бахрейн Королдугу

2012-жыл 24-июль