Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыначылыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит жана 6,0 млн. АКШ доллары суммасында грант берүү жөнүндө Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 17-июль