Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине толуктоолорду киргизди

Мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын                                   27-августундагы №385 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилди:

“Саясый мамлекеттик кызмат орундары” бөлүгүнүн “Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары” бөлүмүндө:

- II топ төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталды: 

“Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору”;

- III топ төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталды: 

“Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары”. 

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 28-январь