Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 1-февралында,  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Президенттин Жарлыгында өлкөдө коомдук тартипке, өлкөнүн туруктуулугуна жана улуттук коопсуздугуна башкы коркунучтардын бири  катары экстремисттик жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигинин жигердешүүсү көрсөтүлөт. Мамлекет башчысы «соңку жылдары ушул бузуку күчтөр тарабынан өлкөнүн ичинде, ошондой эле андан сырткары жерлерде коомдун бүйүрүн кызыткан аракеттер жана өтө оор кылмыштар жасалгандыгын» белгилейт. Жарлыкта“Бузуку күчтөрдүн аракеттеринин негизи  максаты өлкөдө ички саясый оорчулукту түзүү”,-деп айтылат.

Жарлыкта 2010-жылы апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында жана Маевка айылындагы жаңжалдар, ошондой эле 2010-жылдын май-июнунда Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болгон кайгылуу окуялар өзгөчө тынчсызданууну жана кооптонууну жараткандыгы белгиленет. Бузуку элементтердин турмуш-тиричиликтеги жаңжалдарын этностор аралык кагылышууларга айландыруу аракеттери  жакында эле – өткөн жылы жана үстүбүздөгү жылы Ош облусунун Ноокат, Баткен облусунун Андарак  жана Чүй облусунун Жаңы-Жер айылдарында байкалгандыгы Жарлыкта белгиленген.

“Биз өлкөбүздүн ар бири жараны корголгондугун сезиш үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Анткени коомдук коопсуздукту камсыз кылуу – биздин негизги  милдеттерибиздин бири”,- деп белгилеген Президент.

Укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин укукка каршы кол салуулардан коргоону күчөтүү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген экстремизмге жана кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдеттенмелерин натыйжалуу аткаруу боюнча тапшырма берилди. Мындан сырткары эки айлык мөөнөттө коомдук коопсуздукту чыңдоого, кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алууга багытталган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү милдети тагылды. Ошол эле мөөнөттө тиешелүү органдарга коомдук түзүлүштөрдүн жана ыктыярдуу элдик кошундардын катышуучуларын коомдук тартипти жана коопсуздукту коргоого көмөк көрсөтүү боюнча ишке тартуу практикасын тартипке келтирүү боюнча чараларды ишке ашырып, ок атуучу курал-жарактарды пайдалануусуна контролдукту күчөтүүнү эске алуу менен жеке күзөт ишканаларынын ишин тартипке келтирүү милдети тапшырылды.

Президент ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана ИИМне:
-2010-жылы апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында жана Маевка айылында болгон кагылышууларда, ошондой эле 2010-жылдын май-июнунда Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жасалган кылмыштардын бетин ачуу боюнча толук чараларды көрсүн; жазык иштерин тергөөнүн жана аларды сотто кароонун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине  ай сайын маалымат берип турсун;
- “банк уячалары жөнүндө иш” деп аталган бардык маселени, анын ичинде банк уячаларынан баалуулуктарды алуудагы укук бузууларды, айрым адамдардын 2010-жылдын жаз-жай айларында республиканын түштүгүндөгү коомдук-саясый кырдаалды турукташтырууга бөлүнгөн акча каражаттарын пайдалангандыктарын кылдат тергесин жана коомго ачык жооп берсин;
- улуттар аралык араздашууну тутанткан фактылар боюнча жарандарга, юридикалык жактарга, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренелерин колдонуу менен тез арада жана натыйжалуу жооп кайтарсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын катышуусу менен колдо бар документтерди жана жаңыдан табылган фактыларды эске алуу менен 2010-жылдын май-июнунда Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болгон кайгылуу окуялардын хронологиясын жана жагдайын калыбына келтирүү милдетин тапшырды.
Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик бардык структураларга  бир айлык мөөнөттө ведомстволук мекемелердин, бөлүмдөрдүн жана ишканалардын жооптуу сактоосунда турган ок атуучу курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч, ууландыруучу жана уулуу заттарды түгөлдөөнү жүргүзүп, алардын түгөлдүгүн, эсепке алынышын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүп, жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча ачык-айкын чараларды иштеп чыгуу максатында бул маселелерди коллегияда кароо зарыл экендиги белгиленди.
Президент Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине бөлүмдөрдү Кыргызстандын элинин көп улуттуу курамын эске алуу менен өздөрүн жакшы жагынан көрсөткөн жана ден соолугунун абалы боюнча кызмат өтөөгө жарактуу жана кызматка кабыл алуунун башка талаптарына жооп берген коомдук жигердүү жаштардын өкүлдөрү менен толуктоо милдетин тапшырды.

Мындан тышкары Кыргызстан элинин Ассамблеясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан даярдалган долбоорлордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштеп чыгууларынын негизинде  иштелип чыккан  этностук саясат жана коомду баш коштуруу Концепциясынын долбоору эки айлык мөөнөттө иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин катчылыгынын кезектеги жыйынына киргизилет.
Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо жана жүзөгө ашыруу боюнча ишти координациялоо Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлгөн.


 Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 1-февраль