Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин чечимин бекитти

Бүгүн, 2012-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин чечимин бекитти.

“Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин
ЧЕЧИМИ

Коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши анын тамырын кыркуу боюнча мамлекет көрүп жаткан чаралар жетиштүү эмес экендигин белгилейт. Дээрлик жыйырма жылдын ичинде Кыргызстандын дүйнөнүн эң коррупциялашкан өлкөлөрүнүн тизмесине акырындык менен жылмышып бараткандыгы байкалууда. Мунун кесепетинен Транспэренси Интернэшнлдин берген баасы боюнча биздин өлкө коррупциялашуу деңгээли боюнча 180 өлкөнүн ичинен 166-орунда турат.
2010-2011-жылдары кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүүдөгү кээ бир дурус жылыштар кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртө алган жок. Колдонуудагы укук коргоо системасы коррупциянын өсүшүнө каршы турууга өзүнүн жөндөмсүз экендигин көрсөттү. Коррупция  ар кандай кайра түзүүлөргө коркунуч келтирүү менен экономикалык өсүшкө жана өнүгүүгө олуттуу тоскоолдук бойдон калып жатат.
Коррупция терроризм, экстремизм жана баңги бизнеси менен катары эле улуттук коопсуздукка келтирилген коркунучтун негизги булактарынын бири болуу менен, мамлекетти алсыратып, бүткүл бийлик бутактарынын ишмердигинин натыйжалуулугун төмөндөтүп жатат. Ал дүйнөлүк кыйла мейкиндикте да таркалып жана мамлекеттерден атайын эл аралык актыларды, улуттук мыйзамдарды жана антикоррупциялык программаларды кабыл алууну талап кылды. Чиновниктердин коррупцияга батышы экономикада атаандаштык механизмдерин бузуп, ишкердик ишке бөгөт коюп, менчик укугун одоно бузуп, бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланылып жатат.
Коррупция мамлекетке жана коомго саясый, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө стратегиялык милдеттерди чечүүгө жетишүүгө мүмкүндүк бербей жатат. Өзгөчө каатчылык көрүнүштөрүнөн арылууну жана жарандардын жашоо турмуш деңгээлинин төмөндөшүн татаалдантып, калктын бийликке, укук коргоо органдарына, сот системасына, калыстык принциптерине, укуктук талаанын алкагында турмуштук максаттарды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөргө ишенбөөчүлүктү  жаратууда.
Коррупциялык кысымдын натыйжасында экономикалык өсүш темпи басаңдап, көмүскө экономиканын көлөмү кыскарбай жатат. Баалардын рыноктук эмес өскөн учурлары байкалып, чет өлкөлүк түздөн-түз инвестициялардын агымы төмөндөп жатат. Укук коргоочулардын эсептөөлөрү боюнча республикада коррупциялык схемаларды пайдалануудан зыян жылына кеминде 30 млрд. сомду түзөт. Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин маалыматтары боюнча  көмүскө экономиканын жүгүртүүсү республиканын ИДПсынан орточо алганда 60% деп бааланат, бул 120-130 млрд. сом.
Опузалоого жана башка коррупциялык кыянаттыктарга каршы турууга алы жок калктын өтө аялуу катмарларынын эсебинен коррупция аркылуу  кирешелер айрым мите сыяктуу корпорациялык жана социалдык топтордун пайдасына кайра бөлүштүрүлүп жатат. Коррупция мамлекеттик акысыз милдеттүү кызмат көрсөтүүлөрдүн, эң оболу, билим берүү жана медицина жагында, ошондой эле башка чөйрөлөрдө жок болуп кетишине алып келип, республиканын калкынын көпчүлүгүнүн жашоо деңгээлин жалпысынан төмөндөтүп жатат. 
Бирок, коррупциялык жүгүртүүлөрдүн миллиарддаган сомдор менен өлчөнгөн көлөмүнүн өсүшүнө салыштырганда анын аз гана бөлүгү табылып жана мыйзам менен куугунтукталып жатат. 
Коомдун криминалдашуусу, чиновниктердин коррупциялык топторунун, күч структураларынын жана укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү жана ишкерлердин уюшкан кылмыштуулук менен машташып кетиши коррупциянын дагы бир олуттуу кесепети болуп саналат. Бул тигилерге да, буларга да мыйзамсыз табылган акчаларды “адалдап” алууга жана өзүнүн кылмыштуу бизнесин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Коррупциялашкан чиновниктер аркылуу криминал ошондой эле саясый бийликке да ээ болуп, өлкөнүн саясый турмушуна өздөрүнүн таасирин жайылтып жатат.
Жалпысынан алганда республиканын укук коргоо органдарынын иши коррупцияга каршы күрөштүн канааттандыраарлык эмес абалын көрсөтүп турат. Башкы прокуратура, ИИМ, финансылык полиция, УКМК, бажы кызматы бул чөйрөдө аларга жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткара албай, алардын көп кызматкерлери коррупциялык укук бузууларга аралашып кетүүдө. Коррупциялык көрүнүштөрдүн, коррупциянын пайда болушунун шарттарына жана факторлоруна талдоо жасоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү системасы жок, коррупциялык кылмыштарды максатка багыттуу эсепке алуу жүргүзүлбөйт, республиканын масштабында алар боюнча жалпыланган статистикалык отчёт дээрлик жокко эсе. Мына ушунун бардыгы  коомго коркунучтуу ушундай жосундарга каршы туруу боюнча мамлекеттин күч-аракетинин майнабын төмөндөтүп жатат.
Бүгүнкү күнгө карата жарандык сектордун жигердүү катышуусуз коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу маселесин чечүүгө болбойт. Коррупцияга каршы туруу боюнча иштерге жарандык коомдун институттарын тартуу жана жарандык контроль комитеттерин түзүү жолу менен коомдо коррупцияга каршы терс мамилени калыптандыруу зарыл.
Ошентип, коррупция, мамлекет менен коомдун турмушун жөнгө салуучу негизги аспап катары анын баркын кетирип, жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин жоготуп, мамлекеттик институттардын легитимдүүлүгүн бүлдүрүп, социалдык-экономикалык натыйжалуу кайра түзүүлөргө тоскоолдук кылып, салыктарды жашырып коюуга өбөлгө түзүүдө, бул бюджеттин тартыштыгын көбөйтүүгө алып келип жана коом алдында өз милдеттенмелери боюнча мамлекеттин талаптагыдай жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө шек келтирүүдө.
Өлкө өз өнүгүүсүнүн татаал мезгилин башынан өткөрүп  жаткан шартта коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири болуп калат.   
“Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” маселени угуп жана талкуулап, өлкөнүн коопсуздугунун абалына жана өнүгүү келечектерине анын терс таасирин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши 

ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

1. Иштеп жаткан укук коргоо системасын түп-тамырынан реформалоо  зарылдыдыгы жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу үчүн мамлекет көрүп жаткан чаралар жетишсиз экендиги белгиленсин. 

2. Коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Өкмөттүн, сот жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу милдети деп эсептелсин.

3.-Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жактырылсын жана талкуулоодо айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентине  бекитүүгө сунуш кылынсын.

4. Өкмөт, министрликтер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар 2012-жылдын 1-мартына чейин, ошондой эле   жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2012-жылдын  1-апрелине чейин Антикоррупциялык саясаттын Мамлекеттик стратегиясын  жүзөгө ашыруунун алкагында  кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы туруу боюнча  иш-чаралардын планын иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Жогорку сотуна Антикоррупциялык саясаттын Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу сунуш кылынсын.
Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин жыйналыштарында иш-чаралардын көрсөтүлгөн пландарын аткаруунун жүрүшүн зарылчылыгына жараша угуу каралсын. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы укук коргоо системасын коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жагында реформалоо боюнча сунуштарды 2012-жылдын 15-мартына чейин киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жасалган коррупциялык кылмыштардын бетин ачуу боюнча жетиштүү чараларды көрсүн жана жазык иштерин тергөөнүн жана сотто аларды кароонун жүрүшү жөнүндө ай сайын Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына маалымдап турсун. 
7. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жазык иштерин козгоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызмат жүзөгө ашырган изин суутпай издөө жана тергөө аракеттерине санкция берүү жол-жоболорунун оперативдүүлүгүн жана купуялыгын камсыз кылган тийиштүү тартипти мыйзамдын алкагында орнотуу мүмкүнчүлүгүн  карап чыксын.

8.Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызмат козгогон жазык иштери боюнча бөгөт коюу чарасын тандап алууда, ошондой эле айрым изин суутпай издөө иш-чараларын жана андай жазык иштери боюнча тергөө аракеттерине санкция берүүдө оперативдүүлүктү, зарыл болгон учурда, купуялыкты камсыз кылуу маселесин карасын.

9. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Жогорку Соту Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызмат менен оперативдүү өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу прокурорлор менен судьяларды аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте мындай өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин иштеп чыксын;

10. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешине судьялардын кынтыксыз жүрүш-турушунун талаптарын судьялардын аткарышын камсыз кылуу жана судьялар корпусун Кыргыз Республикасынын судьясынын наамына татыксыз адамдардан тазалоо  боюнча ишти күчөтүү сунуш кылынсын;

11. Коррупцияга каршы туруу максатында бийликтин бардык деңгээлдеринде коррупциялык көрүнүштөрдү алдын-алуу жана аныктоо боюнча ишке жарандык коомдун институттарын кеңири тартууну, анын ичинде борбордо жана жер-жерлерде жарандык контроль комитеттерин түзүү жолу менен камсыз кылсын;
Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы:
-2012-жылдын 1-апрелине чейин “Жарандык контроль комитеттери жөнүндө” Жобону даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча өзү даярдаган төмөнкү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтсүн:
а) “Коррупцияга каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
б) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстерине жана башка мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш;

12. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын
17-январындагы №6 Жарлыгы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссия сот адилеттигин жүргүзүү боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара албаган судьяларды кызмат ордунан четтетүүнүн ачык, так жана таасын жол-жобосун 2012-жылдын 1-апрелине чейин иштеп чыксын, ошондой эле кынтыксыз эмес жүрүш-турушу, анын ичинде коррупциялык көрүнүштөргө чалдыккан судьялардын кол тийбестигин белгилүү деңгээлге чейин чектөөгө багытталган мыйзамдык сунуштардын жана демилгелердин пакетин даярдасын;

13.    Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын коргоо кеңешинин Катчылыгына жүктөлсүн. 


Коргоо Кеңешинин төрагасы -
Кыргыз Республикасынын Президенти             А. Атамбаев


Кыргыз Республикасынын
коргоо Кеңешинин катчысы                        Б. Табалдиев

2012-жыл 2-февраль