Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө”Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссиянын курамы бекитилди. Комиссиянын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Фарид Ниязов, жооптуу катчысы болуп Рахат Мамаев бекитилди.

Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр кирди:

Мамасадыков Рустам Алайбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Комиссиянын  төрагасынын орун басары;
Алымкулов Алисбек Төлбашиевич  - Кыргыз Республикасынын  жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министри;
Исаев Асеин Кусеинович – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;
Кутманов Нурболот Осмонович  - Кыргыз Республикасынын  юстиция министринин орун басары;
Сатыбалдиев Дүйшөн Туйбасович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты каттоо Департаментинин директору.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 3-февраль