Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 12-январында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) – бул мамлекеттик өнөк тарабынан обьекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн (мамлекеттик органдар, ЖӨБ аткаруу органдары жана муниципалдык ишканалар) жана жеке өнөктөрдүн узак мөөнөттүү (50 жылга чейин) өз ара аракеттенүүсү экендиги белгиленет.

Мыйзам бул Мыйзамдын пайдалануу чөйрөсүн белгилейт, МЖӨ тармагында Өкмөттүн жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын, мамлекеттик колдоонун түрлөрүн, жеке инвестицияны коргоонун мамлекеттик кепилдиктерин, жеке өнөктү тандап алууну даярдоо жана ишке ашыруу тартибин, ошондой эле МЖӨ долбоорунун аткарылышы тууралуу отчет берүү тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы 

2012-жыл 24-февраль