Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга каршы пикирин билдирди

Бүгүн, 2012-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата каршы пикирге кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 9-февралында кабыл алынган.

Мыйзамда шаардык кеңештерге шайлоо процессинде депутаттыка талапкерлерди көрсөтүү тартибине жана шайлоолордун жыйынтыктарын аныктоо тартибине тиешелүү олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Ошол эле учурда, Президенттин Жарлыктары менен Ош, Токмок жана Каракол шаарларынын  шаардык кеңештерине 2012-жылдын 4-мартына, ал эми Балыкчы шаарынын шаардык кеңешине шайлоолор 2012-жылдын 25-мартына белгиленген. Ошого байланыштуу Ош, Токмок жана Каракол шаарларында шайлоо процесси аяктоо алдында турат, ал эми Балыкчы шаарында депутаттыка талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жол-жоболору аяктап калды.

Мындай шарттарда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамсыз  болуп калат, себеби шайлоолорду дайындоо учурдан тартып бардык шайлоо жол-жоболору колдонулуп жаткан  мыйзамдарга ылайык уюштурулган жана шайлоо өнөктүгүнүн катышуучулары колдонулуп жаткан мыйзамдын ченемдерин жетекчиликке алышкан.

Конституциянын 2-беренесинде мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, анын ичинде чечим кабыл алуу деңгээлинде, мыйзам тарабынан аныкталган түрдүү социалдык топтордун өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин милдети белгиленген.

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын конституциялык укуктарын сактоону камсыз кылуу максатында бул Мыйзамга карата каршы пикирин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 5-март