Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 9-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 5 бөлүгүндө белгиленген баланын эң мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылуу принцибин ишке ашыруу

Бул Мыйзам Үй-бүлө кодексинин 134-беренесинин өзгөртүү киргизүүнү карайт жана бала асырап алып жаткан адамдын курагы 60 жаштан ашпоого тийиш экендигин белгилейт. Ошол эле учурда, баланын укугун коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен баланы асырап алуучу адам (баланын ата-энесинин өлүмү же эмгекке жөндөмсүз болушу, алардын дайынсыз жоголушу ж.б.) баланын жакын туугандары, көзөмөлчүсү, камкорчусу 60 жаштан ашкан жагдайларды аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 16-март