Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Холдингдер жөнүндө” Мыйзамга каршы пикирин билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Холдингдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кайрадан каршы пикирин билдирди.

Мурда, 2011-жылдын 26-июлунда “Холдингдер жөнүндө” Мыйзамга Президенттин каршы пикиринде жалпысынан бул Мыйзамдын кабыл алынышы экономикалык жана юридикалык жактан максатка ылайыксыз экендиги көрсөтүлгөн.
Мыйзамдын жалпысынан кабыл алынышы максатка ылайыксыз экендиги Кыргыз Республикасынын пайдалануудагы Жарандык кодекси менен Салык кодексинин конкреттүү беренелерине шилтеме жасоо менен, пайдалануудагы жарандык жана салык мыйзамдары менен концептуалдык жактан карама каршы келиши Каршы пикирге негиз болгон.

2012-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Президенттин каршы пикири менен макул болгон, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 62-бересинин 3-пунктунун экинчи абзацына ылайык анын макулдугу Мыйзамды четке кагууга алып келүүгө тийиш эле.

Мына ушундай жагдайлардан улам Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  бул Мыйзамга карата каршы пикири жөнөтүлүүдө.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 26-март