Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев менен и Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбегдорждин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 2012-жылдын 3-апрелинде, Бишкекте, Монголиянын Президенти Цахиагийн Элбегдорждин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Ал документтер төмөндөгүлөр:

1.Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңеши менен Монголиянын Улуттук коопсуздук Кеңешинин ортосунда кызматташуу тууралуу Протокол;

2.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Монголиянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум;

3.Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Монголиянын Айылчарба министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум.

4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиянын түзүлүшү жана иштеши тууралуу Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протокол. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 3-апрель