Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Таиланд Королдугундагы, Бруней-Даррусалам Мамлекетиндеги жана Индонезия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бешимов Аскар Жолчубековичти Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Таиланд Королдугундагы, Бруней-Даррусалам Мамлекетиндеги жана Индонезия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 5-апрель