Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 12-апрелинде, Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү  жана толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын  Салык кодексине жана “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.

Мыйзам Салык кодексинде  Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан  төлөмдөргө киреше салыгы салынбайт деген ченемди киргизүү максатында кабыл алынган. Мына ушундай ченем Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан төлөмдөргө карата дагы пайдаланылат.

Ошондой эле, Мыйзам “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондунан, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн резервдик фондунан төлөмдөргө камсыздандыруучу төгүмдөр кошо эсептелбейт деген кошумча киргизет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 12-апрель