Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 12-апрелинде, Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.

Мыйзам тиешелүү документи жок баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн администрациялык жоопкерчилик жөнүндө жоболорду тактоо максатында кабыл алынды.

Алсак, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске белгиленген тартипте берилчү баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүгө укук берген адистин квалификациялык күбөлүгү жок баалуу кагаздар менен операция жүргүзүү администрациялык жоопкерчиликке кириптер кылаары тууралуу кошумча киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 12-апрель