Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 2-мартында кабыл алынган.
Мыйзамда  Кыргыз Республикасынын  жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун алууда тарыхый мекенине  туруктуу жашоо үчүн кайтып келген этникалык кыргыздарды мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу каралган.
Бул Мыйзам  расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 16-апрель