Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Мамасадыков Рустам Алайбекович жана Мамбетсеитов Аман Бейшебаевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды.

Генерал-майор Мамасадыков Рустам Алайбекович 45 жашта. Ал Ош облусунда туулган, мурда КР УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеген, андан кийин бир аз убакыт КР УКМКнын кадрларынын карамагында болгон.


Полковник Мамбетсеитов Аман Бейшебаевич 40 жашта. Ал Нарын облусунда туулган, мурда КР УКМКнын маалыматтык-талдоо башкармасынын зардалы болуп иштеген.

Мамлекеттик башчысынын башка буйругу менен Баженов Сергей Петрович жана  Алымкулов Кубанычбек Нуркалыевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулду.   


Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 14-декабрь