Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурада бир катар кадрларды дайындады

Бүгүн, 2012-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында бир катар кадрларды дайындоо тууралуу буйруктарга кол койду.
Президент Алмазбек Атамбаевдин буйруктарына ылайык, Жээналиев Нурлан Токтожумаевич Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орун басары, Усманова Людмила Юрьевна Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары, Халдаров Уланбек Абдухалилович Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды.

Президенттин башка буйруктарына ылайык, Бактыбаев Рыскул Гыламидинович Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орун басарынын кызматынан, Ибраев Байтемир Карыпбекович Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары кызматынан бошотулду, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Осмоналиев Бакыт Саматкулович Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун орун басары кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 15-февраль