Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Султан Раев Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

2012-жылдын 6-мартында, Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Раев Султан Акимович Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Маалымдама:

Раев  Султан Акимович

1958-жылдын 13-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылында туулган.

Жогорку билимдүү, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин факультетин аяктаган.  1994-жылы Канзасск университетинин (АКШ) журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажеру.

Белгилүү жазуучу жана драматург. КМШ мамлекеттик сыйлыгынын, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси, “Кыргыз эл жазуучусу”.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек ишмердиги:

   
1984 - 1989  -  «Кыргызстан маданияты»гезитинин кабарчысы

1989 - 1991  -   «Асаба» гезитинин башкы редакторунун орун басары

1991 – 2002  -  «Кыргыз  Руху» гезитинин башкы редактору

2002 – 2004  -  Кыргыз  Республикасынын билим берүү жана маданият министринин орун басары

2004 – 2005   - «Свобода»радиосунун саясий баяндамачысы

Апрель 2005 - Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маданиятты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы

2005-2010 - Кыргыз  Республикасынын маданият  жана маалымат министри

2010- 2011- Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси.
    

2012-жыл 9-март