Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“КР Коргоо кеңешинин катчылыгы жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык төмөнкүлөргө токтом кылынды:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жөнүндө Жобо;
    - Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгынын түзүмү;
- Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгынын штаттык саны.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын
15-сентябрындагы №240 “Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин маселелери жөнүндө” Жарлыгынын 2- жана 3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын. 

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 9-декабрь