Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө КР Президентинин Жарлыгына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу КР Президентинин 2006-жылдын 11-декабрындагы №585 Жарлыгы менен дайындалган, Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Кожобекова Гульмира Турдумаматовнанын КР жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2011-жылдын 12-декабрынан токтотулду.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 14-декабрь