Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгы

Республикадагы коомдук-саясый кырдаалды талдоо өлкөдө коомдук тартипке, өлкөнүн туруктуулугуна жана улуттук коопсуздугуна башкы коркунучтардын бири болуп экстремисттик жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигинин жигердешүүсү санала тургандыгын көрсөттү. Соңку жылдары ушул бузуку күчтөр тарабынан өлкөнүн ичинде, ошондой эле андан сырткары жерлерде коомдун бүйүрүн кызыткан аракеттер жана өтө оор кылмыштар жасалган. Экстремисттик элементтер уюшкан кылмыштуулук менен биригип алып, бүткүл коомго жана мамлекетке чакырык таштады. 
Бузуку күчтөрдүн пландарынын жана биргелешкен аракеттеринин тактикасынын негизи укукка каршы аракеттерге, анын ичинде этностор аралык кагылышууларга калктын аларга алданган катмарын, өзгөчө жаштарды жигердүү тартуу менен өлкөдө ички саясый оорчулукту түзүү болуп саналат. 2010-жылы апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында жана Маевка айылындагы жаңжалдар, ошондой эле 2010-жылдын май-июнунда Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болгон кайгылуу окуялар өзгөчө тынчсызданууну жана кооптонууну жаратат. Бузуку элементтердин турмуш-тиричиликтеги жаңжалдарын этностор аралык кагылышууларга айландыруу аракеттери 2011-жылы жана 2012-жылдын башында Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында жана Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында байкалган.
Республиканын жарандары бийлик органдарына, укук коргоо структураларына  адилеттүү сын айтып, ошону менен бирге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эң олуттуу тыянактарды жасап, коомдук тартипти бузууга жол бербөө жана коомдун коопсуздугун сактоо боюнча зарыл чараларды көрө тургандыгына ишеним артышат. 
Укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин укукка каршы кол салуулардан коргоону күчөтүү, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген экстремизмге жана кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60-, 65-беренелерин жетекчиликке алуу менен т о к т о м   к ы л а м:
1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салган мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды аткаруу, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдеттенмелерин натыйжалуу аткаруу боюнча толук чараларды көрсүн;
- эки айлык мөөнөттө:
мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту чыңдоого, кылмыштардын жана башка укук бузуулардын алдын алууга, жарандарда мыйзамды урматтоо менен мамиле кылууну калыптандырууга багытталган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук коопсуздукту чыңдоо, мамлекеттик чек араларды бекемдөө, администрациялык имараттардын, жашоону камсыз кылуу объекттеринин жана башка стратегиялык объекттердин, ошондой эле маанилүү коомдук-саясый иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралардын комплексин иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын;
коомдук түзүлүштөрдүн жана ыктыярдуу элдик кошундардын катышуучуларынын сапаттык курамына өзгөчө көңүл буруу менен аларды коомдук тартипти жана коопсуздукту коргоого көмөк көрсөтүү боюнча ишке тартуу практикасын тартипке келтирүү боюнча чараларды ишке ашырсын;
коомдук тартипти коргоого көмөк көрсөтүү боюнча ыктыярдуу элдик кошундарда турган жарандарга, ошондой эле кылмыштардын, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтор жасаган кылмыштардын бетин ачууга көмөк көрсөткөн жарандарга карата социалдык жактан коргоо жана материалдык дем берүү чараларынын системасын иштеп чыксын;
ок атуучу курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч, ууландыруучу жана уулуу заттарды пайдалануу, алардын түгөлдүгүнө, эсепке алынышына жана сакталышына контролду күчөтүүнү эске алуу менен жеке күзөт ишканаларынын ишин тартипке  келтирүү боюнча иш-чараларды ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- 2010-жылы апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында жана Маевка айылында болгон кагылышууларда, ошондой эле 2010-жылдын май-июнунда Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жасалган кылмыштардын бетин ачуу боюнча толук чараларды көрсүн; жазык иштерин тергөөнүн жана аларды сотто кароонун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине  ай сайын маалымат берип турсун;
- “банк уячалары жөнүндө иш” деп аталган бардык маселени, анын ичинде банк уячаларынан баалуулуктарды алуудагы укук бузууларды, айрым адамдардын 2010-жылдын жаз-жай айларында республиканын түштүгүндөгү коомдук-саясый кырдаалды турукташтырууга бөлүнгөн акча каражаттарын пайдалангандыктарын кылдат тергесин жана коомго ачык жооп берсин;
- улуттар аралык араздашууну тутанткан фактылар боюнча жарандарга, юридикалык жактарга, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренелерин колдонуу менен тез арада жана натыйжалуу жооп кайтарсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын катышуусу менен колдо бар документтерди жана жаңыдан табылып жаткан фактыларды эске алуу менен 2010-жылдын май-июнунда Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болгон кайгылуу окуялардын хронологиясын жана жагдайын калыбына келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин балансында турган штаттык ок атуучу курал-жарактардын окгильзотекасын түзүү программасын иштеп чыксын жана ишке ашырсын.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери бир айлык мөөнөттө:
- ведомстволук мекемелердин, бөлүмдөрдүн жана ишканалардын жооптуу сактоосунда турган ок атуучу курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч, ууландыруучу жана уулуу заттарды түгөлдөөнү жүргүзсүн;
- ок атуучу курал-жарактардын, ок-дарылардын, жардыргыч, ууландыруучу жана уулуу заттардын түгөлдүгүн, эсепке алынышын,  ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык сакталышын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн.
- облустардын, райондордун жана шаарлардын аймактарында жайгашкан ведомстволордун жана чарбачыл субъекттердин ок атуучу курал-жарактардын, ок-дарылардын, жардыргыч, ууландыруучу жана уулуу заттардын түгөлдүгүнүн, эсепке алынышынын, сакталышынын абалына  байланыштуу маселелерди коллегияларда жана аймактык бөлүмдөрдө карасын жана алардын сакталышы жана эсепке алынышы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча ачык-айкын чараларды иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- укук коргоо органдарынын, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан чарбачыл субъекттердин курал-жарак жөнүндө мыйзамды, ок атуучу курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч, ууландыруучу жана уулуу заттардын түгөлдүгүн, эсепке алынышын, сакталышын камсыз кылуунун аткарышына талаптагыдай прокурордук көзөмөлдү уюштуруу боюнча зарыл чараларды кабыл алсын;
- курал-жарак жөнүндө мыйзамды,  ок атуучу курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч, ууландыруучу жана уулуу заттарды сактоо боюнча талаптарды бузган кызмат жана башка адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды кабыл алсын;
- 2012-жылдын 1-апрелине карата курал-жарак жөнүндө мыйзамды аткаруу, ок атуучу курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч, ууландыруучу жана уулуу заттарды сактоону камсыз кылуу жагында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:
- бөлүмдөрдү Кыргызстандын элинин көп улуттуу курамын эске алуу менен өздөрүн жакшы жагынан көрсөткөн жана ден соолугунун абалы боюнча кызмат өтөөгө жарактуу жана кызматка кабыл алуунун башка талаптарына жооп берген коомдук жигердүү жаштардын өкүлдөрү менен толуктасын;
- борбордук аппараттын, ведомстволук структуралардын жана бөлүмдөрдүн абалы жана кадрдык курамын даярдоону жана сапаттуу толуктоону жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан кечиктирилгис чаралар жөнүндө отчёт даярдасын жана үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмү, Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгы жарандык коомдун уюмдарынын кеңири чөйрөсүнүн жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын катышуусу менен даярдалган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары даярдаган долбоорлордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштеп чыгууларынын негизинде этностор аралык мамилелер жагында тең салмактуу саясатты жүргүзүүгө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга, жаңжалдардын алдын алууга жана болтурбоого, улуттук коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылууга багытталган этностук саясат жана коомду баш коштуруу Концепциясынын долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин кезектеги жыйналышына киргизсин.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо жана жүзөгө ашыруу боюнча ишти координациялоо Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн. 
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын
Президенти                         А.Атамбаев

2012-жыл 1-февраль