Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев судьялардын ыйгарым укуктарын узартууну караган 5 жарлыкка кол койду

Кече, 2012-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттордун 66 судьясынын, 20 төрагасынын, төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктарын узартууну караган 5 жарлыкка кол койду.

Бул жарлыктар бир катар депутаттардын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 12-январында кабыл алынган жана 2012-жылдын 5-февралында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кээ бир ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерин аткаруу максатында кол коюлду.

Конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин биринчи абзацында Конституцияга ылайык жергиликтүү соттордун судьяларынын, соттордун төрагаларынын жана төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап калган жагдайларда алардын кызмат орундарына Конституцияга ылайык жергиликтүү соттордун жаңы судьялары, соттордун төрагалары жана төраганын орун басарлары дайындалгыча ыйгарым укуктары узартылган катары эсептелгендиги такталган.

Аталган конституциялык мыйзамдын 2-беренесинин экинчи абзацында жергиликтүү соттордун судьяларынын, соттордун төрагаларынын жана төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктарын узартуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жүзөгө ашырылаары каралган.

Бул жарлыктар менен судьянын ыйгарым укуктарын аткаруунун конституциялык  мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2011-жылдын апрелинде, июлунда жана декабрында токтотулган жергиликтүү соттордун 66 судьясынын ыйгарым укуктары узартылды, ошондой эле, 2011-жылдын декабрында ыйгарым укуктары аяктаган жергиликтүү соттордун 20 төрагасынын, төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары узартылды.


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 7-февраль