Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештерди таркатууга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешине жана Балыкчы шаардык кеңешине, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешине, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешине жана Кемин районунун Кемин шаарчасынын поселкалык кеңешине депутаттарды шайлоолорду 2012-жылдын 25-мартына, жекшемби күнгө дайындады.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоолорду өткөрүүнү уюштуу милдети тагылды.

Кыргыз Республикасынын ӨкмөтүКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлүп берүүгө,шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттендирилди.

Президенттин дагы бир, “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңеши жана Балыкчы шаардык кеңеши, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңеши, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңеши жана Кемин районунун Кемин шаарчасынын поселкалык кеңеши таркатылды.

Бул Жарлыктар расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 8-февраль