Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуттук статистика комитетинин төрагасы дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика  комитетинин төрагасынын кызматына Осмоналиев Акылбек Шариповичти дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.


Мамлекет башчысынын дагы бир Жарлыгына ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Абдыкалыков Орозмат Кыргыз Республикасынын  Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 13-февраль