Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Германиядагы Элчисин дайындады

Бүгүн, 2012-жылдын 15-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Отунбаев Болот Исаковичти Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым  укуктуу Элчиси кылып дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

Маалымдама:

ОТУНБАЕВ Болот Исакович

1965-жылдын 9-мартында Ош облусунун Ош шаарында туулган.

1987-жылы Москвадагы М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университетин, 1993-жылы – М.Ломоносов атындагы ММУ башкаруунун Жогорку мектебин, 2000-жылы – Россия Федерациясынын ТИМнин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Тарых илимдеринин кандидаты.

Дипломатиялык кызматын 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде 1-катчылык кызматтан баштаган.

2003-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын ТИМдин батыш өлкөлөр жана ОБСЕ башкармалыгын жетектеген.

2005-жылдан 2009-жылга чейин - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде кеңешчи-кичи элчи болуп иштеген.

2010-жылдан 2012-жылга чейин КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын республикалык штабынын координатору.

“Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи Элчиси” дипломатиялык рангына ээ.

2012-жыл 15-февраль