Бүгүн, 2012-жылдын 15-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өмүралиев Эсенгул Касымовичти Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кылып дайындоо тууралуу Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы
Маалымдама:
ӨМҮРАЛИЕВ ЭСЕНГУЛ КАСЫМОВИЧ
1950-жылдын 14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Тоң айылында туулган.
1973-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту, 1990-жылы – СССР Министрлер Советине караштуу Эл чарба Академиясынын квалификацияны жогорулатуу институтун аяктаган.
Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын академиги, Эл аралык кадрлар Академиясынын академиги
Мамлекеттик кызматтагы ишмердигин 1991-жылы Кыргыз Республикасынын өнөр жай министри катары баштаган.
Дипломатиялык кызматын 1997-жылы Кыргыз Республикасынын КМШнын Уставдык органдарындагы туруктуу өкүлү кызматын айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси катары баштаган.
1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министрлигин жетектеген.
1999-2000-жылдары- Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри.
2001-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси
2005-2006 -жылдары - Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациянын башчысы-губернатору
2011-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын өнөр жай министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү.
2011-2012-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары рангында Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү
2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси.
“Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси” дипломатиялык рангына ээ.