Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясын Өкмөттүн карамагына өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы “Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө” Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Бул Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилди. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык,
2012-жылга чейин  Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү Пограммасын ишке ашыруу, 2008-2010-жылдары Улуттук энергетикалык программаны аткаруу жана  2025-жылдарга чейин чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү жаатында отун-энергетикалык комплексти өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу милдети тагылган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү маселелери Президенттин ыйгарым укуктарынын алкагына кирбейт.

Мына ушул негиздерге таянып, бул Жарлык менен Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек,Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишмердигин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоону оптималдаштыруу максатында Президент Алмазбек Атамбаевдин “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын  кайра уюштуруу жөнүндө” Жарлыгы менен 18 обьект Өкмөттүн карамагына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 21-февраль