Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 26-январында кабыл алынган.

Мыйзам айрым мыйзам актыларын 2011-жылдын 2-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык келтирүү максатын көздөйт жана шайлоо комиссиялары менен башка мамлекеттик органдар, шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан бул мыйзамдын талаптарын аткаруусун камсыз кылууга багытталган.

Тактап айтканда, административдик жоопкерчилик тууралуу Кодекске өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоо комиссиялары административдик укук бузууларды караган жана административдик айып салуу укугуна ээ субьект катары аныкталган. Бир катар укук бузуулар боюнча административдик жоопкерчилик белгиленген, маселен, талапкерлердин  ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтарды тараткан теле-жана радиопрограммаларды алып берүү үчүн, шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдун көчүрмөсүн  шайлоочулардын  добуштарын саноого катышуучуларга бербей койгондугу үчүн, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан  бардык шайлоо участоктору боюнча шайлоочулардын  тизмелери, талапкердин, шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн талапкерлердин тизмесин жылдырган саясий партиянын атайын эсебинде сакталган каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы тууралуу маалыматтарды расмий интернет-сайтка жайгаштырбай койгондугу үчүн.
Мындан тышкары, шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган ченемдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине), ошондой эле шайлоо жыйынтыктарын бекитүү жана шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо тууралуу шайлоо комиссияларынын чечимдерине даттануунун тартибин жана чечимдерге арыздануу мөөнөтүн  белгилеген  Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди.

Жарандык процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн, шайлоочулардын добуштарын сатып алгандыгы үчүн айып акынын көлөмүн көбөйтүү жана эркинен ажыратуу мөөнөтүн узартуу, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын кол тамгаларын  жасагандыгы үчүн, талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн, референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топтун ишмердигин  каржылоонун тартибин  бузгандыгы, ошондой эле шайлоонун жыйынтыктарын бурмалагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 2-март