Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 26-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты милдеттүү түрдө экологиялык экспертизадан өтүүгө тийш болгон экономикалык ишмердиктин түрүн кеңейтүү, ошондой эле, чарбалык жана башка ишмердиктин коркунучтуулук категорияларынын маанисин жогорулатуу жолу менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого контроль жүргүзүүнүн  жол-жоболорун тартипке салуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 2-март