Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 26-январында кабыл алынган.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарга ылайык келтирүүнү болжолдойт.

Мындан тышкары, прокуратуранын органдарынын жана мекемелеринин прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө чектүү атайын чендер жана аскердик наамдар, ошондой эле прокурордук кызматкерлердин пенсияларына иш стажына жараша дайындалган пенсиянын 1,5тен 2,5ке чейинки эселенген өлчөмүндөгү үстөк белгиленет, ошол эле мезгилде, Мыйзамдын бул бөлүгүндөгү аракети 2012-жылдын 1-январына чейин пенсияга чыккандарга дагы тиешелүү экендиги каралган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 2-март