Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүнүн аякташына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Ош облусунун Өзгөн районунун айылдык аймактарынын Алтын-Булак, Мырза-Аке айылдык кеңештерине, Араван районунун айылдык аймактарынын Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Жумгал районунун айылдык аймагынын Чоң-Дөбө айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2012-жылдын 6-майына, жекшемби күнгө дайындалды.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 5-март