Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2012-жылдын 17-марты Аксы окуяларын эскерүү күнү деп жарыялады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2012-жылдын 17-марты Аксы окуяларын эскерүү күнү деп жарыялады.

Бүгүн, 2012-жылдын 9-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Аксы окуяларын эскерүү күнү” жөнүндө”Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта Аксы окуялары Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнүн бурулуш этабы болуп калгандыгы белгиленет. “Аксы окуялары бизге элдин жана бийликтин биримдигин чыңдоонун зарылдыгы, өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу, коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты сактоо жөнүндө эскертет”.
Демократияны өнүктүрүүдө Аксы окуяларынын өзгөчө ролун эске алып, ошондой эле кайгылуу окуялардын курмандыктарынын жаркын элесине урмат көрсөтүп,  Президенттин Жарлыгы менен 2012-жылдын 17-марты Аксы окуяларын эскерүү күнү деп жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, бардык жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республиканын  бүткүл аймагында Аксы окуяларын эскерүү  күнүн өткөрүүнү уюштуруу милдети тапшырылды, ал эми 2012-жылдын 17-мартында саат 12-00дө  Кыргыз Республикасында “аза күтүү мүнөтү” жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Төмөндө  мамлекет башчысынын Жарлыгы толугу менен берилет.

“Аксы окуяларын эскерүү күнү жөнүндө”


    Быйыл 10 жылдыгы белгилене турган Аксы окуялары Кыргызстандын соңку тарыхынан бекем орун алды. 2002-жылдын
17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында бийликтин өзүм билемдигине каршы чыккан куралсыз демонстранттарга укук коргоо органдары тарабынан ок атуучу курал колдонулуп, кийинки күнү куралсыз адамдарды куугунтуктоо улантылган. Ошондогу бийликтин (элге каршы) аракеттеринин кесепетинен Аксы районунун алты тургуну жаракаттан курман болгон, ал эми көп күндүк саясый ачкачылык жарыялоодон Бишкекте бир адам каза болгон.
   
    2002-жылдын март айындагы Аксы окуялары Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнүн бурулуш этабы болуп калды. Ал прогрессивдүү саясый күчтөрдүн жана жарандык коомдун жигердешүүсүнө, элдин кеңири катмарынын өлкөдөгү демократиялык кайра өзгөрүүлөргө тартылышына өбөлгө түздү. Аксы районунун жашоочулары каармандыкты көрсөтүп, бекем тургандыгы менен элдин авторитардык жана коррупцияланган режимге чечкиндүү каршы турууга башат салган. Коом демократиялык реформаларды жана жарандардын укуктарынын сакталышын талап кылууда негизги күч болуп калган. Мурдагы бийликтин элдин  кызыкчылыгына көңүл кош мамилеси 2005-жылдын Март революциясына, ал эми кийин, бийлик түзүмдөрүнүн криминал менен коюн-колтук калып кетүүсү 2010-жылдагы Апрель революциясын шарттаган.
   
    Ошондой эле, Аксы окуялары бизге элдин жана бийликтин биримдигин чыңдоонун зарылдыгы, өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу, тынчтыкты сактоо жана коомдогу ынтымакка өбөлгө болгон чаралардын артыкчылыктуулугу жөнүндө эскертет.
   
    Демократияны өнүктүрүүдө  жана мыйзамдуулукту орнотууда Аксы окуяларынын өзгөчө ролун эске алып, коомчулуктун бийликке болгон ишенимин чыңдоо, элдин таламдарына көңүл бурбай коюуга жол бербөө максатында, ошондой эле кайгылуу окуялардын курмандыктарынын жаркын элесине урмат көрсөтүп,
т о к т о м  к ы л а м:

1.    Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2012-жылдын 17-марты:
 - Аксы окуяларын эскерүү күнү (мындан ары – “Эскерүү күнү”);
-  2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кайгылуу окуялардын курмандыктарын эскерүү боюнча “аза күтүү мүнөтү” (12.00дө) деп жарыялансын.
 
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Эскерүү күнүн, ошондой эле 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кайгылуу окуялардын
10 жылдыгына арналган башка иш-чараларды өткөрүүнү уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте жогорку жана атайын орто окуу жайларынын базасында Аксы окуяларынын 10 жылдыгына, Кыргызстанда демократиянын негиздерин өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө анын ролуна, ошондой эле элдин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн чыңдоонун жалпы улуттук идеяларына арналган тематикалык сааттарды, дарстарды жана тегерек столдорду бул маселелерди талкуулоого жарандык коомдун, коомдук жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүн жигердүү тартуу менен  уюштурсун.

3.    Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Тарых музейинде Аксы окуяларынын
10 жылдыгына арналган тематикалык экспозицияны уюштурсун.

4.    Жалпыга маалымдоо каражаттарына Аксы окуяларынын
10 жылдыгына арналган тематиканы чагылдырууну уюштуруу сунуш кылынсын.
   
5.    Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги  Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери аркылуу чет мамлекеттерде ушул Жарлыктан келип чыккан тиешелүү иш-чараларды жүзөгө ашырсын.

6.    Эскерүү күнүндө маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында оюн-зоок – көңүл ачуу программаларын, иш-чараларын жана берүүлөрдү чектөө сунуш кылынсын.

7.    Ушул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.



Кыргыз Республикасынын                       
    Президенти                               А. Атамбаев

2012-жыл 9-март