Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде жергиликтүү соттун судьяларын кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 12 мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын кызматынан четтетүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык,

-Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашырган Исманов Марс Молдоевич;

-Жалал-Абад облусундагы Токтогул райондук соттун судьясынын ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашырган Эгембердиев Жунусмамат Мурзамамытович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызматтарынан четтетилди.

 

Маалымдама:

Буга чейин Башкы прокуратуранын сунуштамасынын негизинде Судьялар кеңеши судьялар Ж.М.Эгембердиев менен М.М.Исмановго карата кылмыш жоопкерчилигине тартууга  макулдугун берген.

Коррупцияга каршы күрөш боюнча чаралардын алкагында Башкы прокуратура тарабынан Ош облусунун Ноокат  райондук сотунун судьясы М.М. Исмановго карата Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315 (кызматтык мыйзамсыз иш жасоо) жана 328-беренелеринде (атайын соттук эмес бүтүм, чечим же башка соттук токтом чыгаруу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад облусундагы Токтогул райондук соттун судьясы Ж.М.Эгембердиевге карата Башкы прокуратура тарабынан кылмыш кодексинин 166-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козголгон.

 
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 12-март