Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Жеңишбек Жайнаковду жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 12 мартында, Кыргызс Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Свердлов сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Жайнаков Женишбек Эркебаевичти Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Маалымдама:
Коррупцияга каршы күрөш боюнча чаралардын алкагында Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Свердлов  райондук сотунун судьясы  Ж.Э.Жайнаковго карата чара көрүү тууралуу кайрылууну караган.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жана Башкы прокуратуранын сунуштамасын эске алып, Судьялар кеңеши судья Ж.Э.Жайнаковдун аракеттери судьянын кынтыксыз жүрүм-турум талаптарына төп келбейт деп чечти.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 12-март