Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Ушул Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 “Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө Жобо, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүмү бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 18-декабрындагы № 601 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-мартындагы № 78 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп табылды.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 26-март