Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппаратынын акча-кредит саясат жана финансылык мониторинг бөлүмүнүн башчысы дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Ахметова Нурсулу Меирбековна  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын акча-кредит саясат жана финансылык мониторинг бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын дагы бир  жарлыгына ылайык, Ералиев Нурлан Карымшакович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын акча-кредит саясат жана финансылык мониторинг бөлүмүнүн башчысынын кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 29-март