Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Бул Жарлыктын негизинде, “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылды:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин жумушчу органдын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн алдындагы ченемдик укук актыларын гендердик экспертизалоо боюнча комиссия жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралу” Жарлыгы;

2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыгы;

3.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы № 269 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 13-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жобосун жана курамын бекитүү жөнүндөгү” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу” Жарлыгы;

4.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369 “2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгы;

5.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-майындагы № 158 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Жарлыгы.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 18-апрель