Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 23-апрелинде. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Мамлекет жана коомчулук тарабынан энеге аяр мамилени калыптандыруу, Кыргыз Республикасында үй-бүлө жана эненин баркын көтөрүү, абалын бекемдөө зарылчылыгын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев Энелердин Күнүн белгилөө тууралуу ниетин жарыя кылган.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев май айынын ар үчүнчү жекшембисин Энелер Күнү катары белгилөө тууралуу чечим кабыл алды.

Энелер Күнүн белгилөө тууралуу Президенттин Жарлыгы Кыргыз Республикасы тарабынан 1996-жылы ратификацияланган Эл аралык эмгек уюмунун “Энени коргоо тууралуу” Конвенциясынын кабыл алынганына 60 жыл толгондугуна дал келгендиктен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үй-бүлө жана энени коргоо боюнча Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын талдап, эл аралык укук милдеттенмелерге жана укуктарга ылайык келишине талдоо жүргүзүлөт.

Талдоонун натыйжалары боюнча үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгып, Энелер Күнүнө карата кеңири маалыматтык жана таалим берүү өнөктүгүн өткөрүү болжолдонууда.

Төмөндө мамлекет башчысынын Жарлыгын толугу менен келтиребиз.



Кыргызстан элинде энени урматтоо жана ардактоо, анын балдарды тарбиялоодогу, үй-бүлөнү бекемдөөдөгү, коомду өнүктүрүүгө салым кошуудагы маанилүү ролун таануу салтынын тамыры тереңге кетет.
Жаш курагына карабастан ар бир жаран энеси менен руханий байланышты сезип, анын колдоосун жана мээримин баамдап турат. Биз “Эне сүтүн актоого” канчалык аракет кылбайлы, баары бир биз анын алдында карыз бойдон калабыз. “Бейиш эненин таманынын алдында” деген белгилүү сөз кылымдар бою энелердин үй-бүлөдөгү жана коомдогу жогорку ролун, биздин ар бирибиз үчүн анын өзгөчө маани-маңызын таануу жөнүндө айгинелеп турат.
Келечектеги муундардын ден соолугу, балдарга билим берүүнүн сапаты, коомдун адептик өзөгүн жана баалуулуктарын калыптандыруу үй-бүлөнүн бакубаттыгы, эненин ден соолугунун абалына жана анын билим деңгээлине жараша болот.
Коом жана мамлекет тарабынан аялзатынын жогору статусун таанымайынча жана анын чыныгы абалын жакшыртмайынча өлкөнүн келечектеги өнүгүшү мүмкүн эмес. Тилекке каршы, соңку жылдардагы өлкөдөгү кырдаал коопсуз жана бакубат энеликти камсыз кылуу, үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү маселелерине олуттуу көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ал маселелерге көңүл буруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын арасында болууга тийиш.
Саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык жактан коргоо, маданият жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жагында комплекстүү чараларды кабыл алуу зарыл. Бүткүл коом тарабынан энеликке аяр мамиле кылуу, эң оболу, зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу, бүткүл өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү ресурс катары аялдардын потенциалын ачып берүү андан кем эмес мааниге ээ.
Мамлекет үй-бүлөнү коомдун негизи жана өзүнүн камкордугунун милдети катары тааный турган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-, 37-, 60-беренелеринин негизинде “2012-жылды - үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк Жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкты өнүктүрүү иретинде, ошондой эле Энелер Күнүн майрамдоонун эл аралык тажрыйбасын эске алуу менен токтом кылам:

1.    Кыргыз Республикасында майдын үчүнчү жекшембиси жыл сайын майрамдалуучу Энелер Күнү деп белгиленсин.
2.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында энеликти коргоо, үй-бүлөнүн абалы жагындагы кырдаалдын кабыл алынган эл аралык укук милдеттенмелерге жана укуктарга ылайык келишине талдоо жүргүзсүн. Талдоонун натыйжалары боюнча үй-бүлөнү жана энени колдоо боюнча комплекстүү программаны иштеп чыксын жана бекитсин;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен Энелер Күнүнө карата кеңири маалыматтык жана таалим берүү өнөктүгүн өткөрсүн;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башкача мүнөздөгү маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.  
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын
Президенти                         А. Атамбаев

2012-жыл 23-апрель