Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоо алкагында төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылды:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын
5-апрелиндеги № 116 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын
26-сентябрындагы № 255 “Кыргыз Республикасынын финансы системасын башкаруу органдарын андан ары реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын
31-октябрындагы № 299 “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын
8-сентябрындагы № 352 “Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди “адалдоого” каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
7-августундагы № 419 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын
5-апрелиндеги Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу” Жарлыгы;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын
19-февралындагы № 58 “Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө” Жарлыгы;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын
17-августундагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө” Жарлыгы;
8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын
27-сентябрындагы № 204 “Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери” Жарлыгы.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 26-апрель