Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ЖККУга мүчө мамлекеттердин кызматташтык жөнүндө Макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө КР Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик арналыштагы продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, пайдалануу, оңдоо, модернизациялоо, пайдалануу мөөнөттөрүн узартуу жана керектен чыгаруу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Аталган Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2011-жылдын 24-ноябрында кабыл алынган.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-кызматы

2011-жыл 14-декабрь