Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Бүгүн, 2012-жылдын 10-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 12-январында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери  боюнча Комиссиянын жыйналыш өткөрүү мөөнөтүн - айына бир жолудан кем эмес өткөрөөрүн белгилейт.
Мыйзамда ошондой эле, Комиссия тарабынан чечим кабыл алынган учурдан тартып 14 ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин  Аппараты Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу же жарандыгынан чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын долбоорун даярдоону жүзөгө ашыраары каралат.
Жарандыкты берүү же андан чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы ага кол коюлган учурдан тартып 3 күндүн  ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланууга тийиш.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүдөн же жарандыгынан чыгуудан баш тартылган учурда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты 3 күндүн ичинде баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арыз ээсин жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 10-февраль