Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду

Бүгүн,2012-жылдын 14-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөрүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2012-жылдын 9-февралында кабыл алынган.
Кол коюлган Мыйзам “Салыктык эмес төлөмдөр тууралуу” Мыйзамды салыктык эмес төлөмдөрдүн жаңы түрлөрү – “транспорттук каражаттардын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн”, ошондой эле “жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктү транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн” Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол органдары тарабынан алынган жыйымдар менен толукталды.

Жогорудагы Мыйзам менен бирге, “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Мыйзамга кол коюлду. Ал Мыйзамда жогоруда аталган жыйымдар Кыргыз Республикасынын Жол фондунун булактарынын тизмесине киргизилген.

Жогоруда аталган Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында, жогоруда аталган жыйымдарды жыйноо,бөлүштүрүү тартибин жана анын өлчөмдөрүн бекитүү боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 14-март