Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун жамааттык тутумунун түзүлүштөрүнүн күчтөр менен каражаттарынын статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун жамааттык тутумунун түзүлүштөрүнүн күчтөр менен каражаттарынын статусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 9-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты -мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууну камсыз кылуу. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын коопсуздук жөндөмдүүлүгү боюнча маселелерди караган эл аралык келишимдер ратификацияланууга тийиш.

Макулдашуу Тараптардын территорияларында жамааттык коопсуздук тутумунун түзүлүштөрүнүн күчтөрүнүн убактылуу жайгашышы үчүн укуктук негиздерди түзүүнү, ошондой эле эл аралык коопсуздук коркунучтарына жана чакырыктарына адекваттуу жооп берүүнү камсыз кылуучу жамааттык коопсуздук тутумунун түзүлүштөрүнүн күчтөр менен каражаттарынын жогорку күжүрмөн даярдык деңгээлин сактап турууну камтыйт.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 26-март