Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы, ошондой эле Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Таиланд Королдугундагы, Бруней-Даруссалам Мамлекетиндеги жана Индонезия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бешимов Аскар Жолчубековичти кызматынан бошотуу тууралуу Жарлыкка кол койду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү